Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

ЦРУ башчысы: АКШ Ирандын өзөктүк курал жасоосуна тоскоол боло алат


Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүү учуру. Лозанна, Швейцария. 20-март, 2015-жыл

Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүү учуру. Лозанна, Швейцария. 20-март, 2015-жыл

ЦРУнун башчысы Жон Брэннан эгер Иран өзөктүк курал даярдай турган болсо, аны кандай жоготуулар жана кесепеттер күтүп турганын Ирандын аткаминерлери жакшы билишет деп айтты Fox News телеканалына курган маегинде. Ал 22-мартта аталган телеканалда сүйлөп жатып, Ирандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербөөгө АКШда мүмкүнчүлүк көп деп бекемдеди.

АКШ баштаган батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптап келет. Ал эми Иран программа тынчтык максатты гана көздөөрүн билдирүүдө. Ирандын өзөктүк программасы тууралуу эки тараптын сүйлөшүүлөрү 31-мартта тынчтыктын пайдасына чечилүүгө тийиштиги айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG