Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

АКШ менен Кыргызстан визанын мөөнөтүн 5 жылга узартат


Казакстан АКШ менен виза мөөнөтүн беш жылга узартканына бир нече жыл болду
Казакстан АКШ менен виза мөөнөтүн беш жылга узартканына бир нече жыл болду

Мындай чечим АКШга туристтик жана ишкердик максатта баруучу Кыргызстандын жарандары үчүн жагымдуу шарт түзүп берүүгө багытталган. Бул тууралуу токтомго кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 20-мартта кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ушундай эле чечим Кыргызстанга келүүчү АКШ жарандары үчүн да Америка бийлиги тарабынан кабыл алынган. Бул токтомдордун ишке кирүү датасын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ тарап менен бирге макулдашып, чечишет.

Кыргызстан АКШга кыргыз жарандарынын туристтик, студенттик жана ишкердик визаларынын мөөнөтүн 5 жылга чейин узартууну бир нече жылдан бери сунуштап келе жаткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG