Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

HRW: Евробиримдик Кыргызстанда адам укугу сакталуусун талап кылууга тийиш


Адам укугун коргоочу эл аралык Human Rights Watch уюмунун кайрылуусунда лидерлер Кыргызстандын президенти менен сүйлөшүү учурунда өлкөдөгү адам укугуна шек келтирген мыйзам долбоорлору боюнча Атамбаевдин убадасын алууга тийиш деп эсептейт. Кайрылууда алар кыргыз парламенти тарабынан сунушталып жаткан “Кумсалыкты пропагандалоого каршы” жана “Бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент” деп атоого байланышкан мыйзам долбоорлору экени белгиленген. Уюм аталган мыйзам долбоорлор кабыл алынса, Кыргызстанда адам укугу чектелип, бейөкмөт уюмдардын ишине кедергисин тийгизерин айтышкан.

Кайрылууда ошондой эле түрмөдө жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуу да талап кылынуусу айтылган. Human Rights Watch уюмунун өкүлү Михра Риттмен европалык лидерлер Кыргызстандагы адам укугунун бузулуп жатканы тууралуу айтып, муну токтотууга Атамбаевди үндөөгө тийиш деп билдирди.

"Кумсаларды пропагандалоого каршы" жана "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзам долбоорлору учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат.

"Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзам долбоорунун авторлору уюмду каржылоо сырттан болуп, алар саясий ишмердүүлүк менен алектенген учурда чет элдик агент катары таанылышы керектигин белгилешет. Алар сырттан каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттик көзөмөл керектигин, бул эң ириде коопсуздукка байланыштуу экенин жүйөө келтиришүүдө.

Буга чейин мыйзам долбоорду Юстиция министрлиги укуктук экспертизадан өткөрүп, аны кабыл алуу максатсыз деп тапкан.

Кечээ Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европа мамлекеттерине иш сапар менен жөнөп кеткен. Сапардын алкагында ал Австрия, Бельгия, Швейцария, Германия, Францияда болуп, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG