Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Бишкек: Өрт чыккан жерден бир кишинин сөөгү табылды


Бишкекте өткөн түнү өрт кырсыгы катталып, окуя болгон жерден бир адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саруу кыска көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде бөлмөнүн 20 чарчы метр жыгач шыбы, ичиндеги эшик-терезелери, төшөнчү жана кийим-кече күйүп кеткенин кабарлады.

Каза тапкан адамдын аты-жөнү, үйдүн ээси жана кырсыктын себептери такталууда.

Соңку сутка ичинде өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG