Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Ош ШИИБ: Калыңдын айынан 19 жаштагы кыз жанын кыйды


Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районунда жашаган 19 жаштагы кыз 22-март күнү өз жанын кыйды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгынын маалымат катчысы Кубанычбек Камчыбеков билдирди. Анын айтымында, кызды ала качып кетишкен. Эки тарап өз ара келишип алгандыктан кылмыш иш козголгон эмес.

Милициянын версиясы боюнча, окуя болгон күнү кыз менен апасынын ортосунда калың маселесине байланыштуу пикир келишпестик чыгып, кыз ваннага кирип, асынып алган.

Тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыштардын катарына кирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG