Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Германиялык хирургдар нышан балдарды бекер дарылоодо


Бүгүнтөн тарта 3-апрелге чейин Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда Германиядан келген доктурлар нышан төрөлгөн балдарга бекер операция жасайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган оорукананын бет-жаак хирургия бөлүмүнүн башчысы Алтынбаек Мамыралиев билдирди. Анын айтымында, германиялык хирургдар мындай социалдык долбоорун 2003-жылдан бери ишке ашырып келатат. Көбүнчө балдар үйүндө, кедей үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга жардам көрсөтүлөт. Бирок нышан төрөлгөн балдарын көрсөтүүнү каалагандардын баарына эшик ачык.

- Жашаган жериндеги доктурлардан жолдомо, жугуштуу оорулуулар менен байланышта болгон жок деген аныктама жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала келиш керек, - дейт Мамыралиев.

Доктурдун айтымында, жыл сайын немис хирургдар 50 чакты баланы дарылап кетет. Ал эми жылпысынан бул ооруканада бир жылда 300гө жакын балага операция жасалат.

Баланын нышан туулушуна эне кош бойлуу кезинде сасык тумоолоп же башка жугуштуу ооруларга, стресстерге кабылышы себеп болот. (RK)

XS
SM
MD
LG