Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Венада кыргыз-австриялык кызматташтык талкууланууда


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясынын Австриядагы расмий сапары башталды. Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө президент Хайнц Фишер менен жолугушуу башталат. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган документтерге кол коюлат.

Андан кийин Алмазбек Атамбаев кыргыз-австриялык бизнес форумдун ишине катышат. Австриянын Экономика палатасы менен Кыргызстандын Экономика министрлигине караштуу Инвестиция тартуу агенттигинин ортосунда макулдашуу кабыл алынат.

Ошондой эле бүгүн кыргыз президенти Австрия парламентинде да жолугушууларды өткөрөт.

Алмазбек Атамбаевдин Европанын беш мамлекетине сапары бүгүн Австриядан башталды. (KJ)

XS
SM
MD
LG