Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Жогорку Соттун мурдагы эки судьясы кылмышка шектелүүдө


Жогорку Соттун мурдагы эки судьясы пенсияларына 1,5 пайыздык кошумча төлөмдү мыйзамсыз алып жүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар Бишкекте жашаганына карабай тоолуу райондо, Жумгалда жашайт деген негизде пенсиясынын үстүнө кошумча каражат алып жүрүшкөн. Мындан мамлекеттик бюджетке канча зыян келтирилгени азырынча белгисиз.

Факт боюнча “шылуунчулук” беренесинин негизинде эки кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG