Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


24-мартта түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө 10...15, күндүз 12...17, кечке маал 3... 8 градус,

Талас өрөөнүндө 7...12, күндүз 5...10,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 12...17, кечке маал 5...10,

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 9...14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 4...9,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10 градус.

Бишкекте 24-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз нөшөр жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15 градус жылуу, күндүз 15…17, кечке жакын 5…7 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG