Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Ооганстанда аялды тепкилеп өлтүргөн топту жазалоону талап кылышты


Кабулдагы нааразылык акциясы. 23-март, 2015-жыл.
Кабулдагы нааразылык акциясы. 23-март, 2015-жыл.

Куран китепти өрттөдү деп өлтүрүлгөн аялды жазалагандарды жоопко тартууну талап кылган жүздөгөн адам бүгүн борбор калаа Кабулда нааразылыкка чыгышты.

Диний мектептин 27 жаштагы студентин жаалданган топ 19-март күнү Кабулдагы чоң мечиттин сыртында тепкилеп өлтүргөн соң сөөгүн өрттөп, дарыяга ыргытып жиберген эле.

Полиция көпчүлүк өлтүргөн аялдын Куран китепти өрттөгөнү боюнча эч далил табылбаганын айтууда.

Бийлик окуяга байланыштуу 13 адам кармалганын, дагы 13 полиция кызматкери учурунда чара көрбөгөнү үчүн иштен алынганын билдирди.

Президент Ашраф Гани кыянатчылыкты айыптоо менен тергөө жүргүзүүнү буюруган. (UE)

XS
SM
MD
LG