Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Кыргызстанда жумушсуздук деңгээли жогорулоодо


Кыргызстанда жумушсуздардын саны жылдан жылга өсүүдө. Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинен бүгүн "Азаттыкка" кабарлашкандай, учурда жумушсуздуктун деңгээли 8,3%. Эмгекке жарамдуу калктын 205 миңи ишсиз жүрөт.

Былтыр катталган жумушсуздардын саны 180-190 миң болгон. Ал эми 2013-2012-жылдары бул көрсөткүч мындан да 50% азыраак болчу.

Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, чынында жумушсуздуктун деңгээли Кыргызстанда мындан да жогору. Соңку кезде Орусиядагы кризистен улам ишсиз калып мекенине кайткан кыргызстандык мигранттардын саны көп болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG