Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:38

Гүлнара Каримова бир миллиард доллар өндүргөн болушу мүмкүн


Гүлнара атасы Ислам Каримов менен. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Гүлнара атасы Ислам Каримов менен. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Бул тууралуу журналисттик уюм – Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору жарыялаган баяндамада айтылат.

Уюмдун эсебинде, чет элдик, асыресе Батыш телекоммуникация компаниялары Өзбекстандын базарына кирген учурда президенттин кызы Каримова алардан ортомчулар аркылуу пара жана үлүш алуу менен бир миллиард долларга чейин өндүргөн болушу мүмкүн.

Баш кеңсеси Сараеводо жайгашкан журналисттик иликтөө уюму белгилегендей, документтер Каримова аралашты деп шектелген коррупциялык иштердин масштабы мурда маалымдалгандан кыйла кеңири экенин көргөзүүдө.

Маселен, Каримова 2001- жылы уюлдук байланыш кызматын көргөзүүчү “Уздунробита” компаниясынан 20% үлүш талап кылып, анын колдоосу жок компания “талкаланарын” убада кылган.

Бир кезде атасы Ислам Каримовдун мураскери болот деп болжолдонгон Гүлнара, маалыматтарга караганда, азыр деле үй камагында.

Арам акчаны адалдоо фактылары боюнча учурда Швейцария менен Швецияда жүрүп жаткан тергөө Гүлнара Каримованын ысымы менен байланыштуу.

Өзбекстандын өзүндө да Гүлнара Каримова кылмышка шектүү катары аталып, кызматташтарынын бир нечеси түрмөгө түшкөн. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG