Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Атамбаев Европа ишкерлерин Кыргызстанга инвестор болууга чакырды


Кыргызстанда бийликтеги бир адамдын же бир топтун колдоосу менен инвестор катары көмүскө жагдайда рынокко кирген учур өттү деп белгиледи мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Венада өткөн кыргыз-австриялык ишкер форумунда. "Ишкердикти өнүктүрүүдө жана инвестор тартууда мурдагы бийлик режимдеринин тушундагыдай жең ичинен маселе чечүү өнөкөтү жоюлду" - деп белгиледи Атамбаев. Мына ошондуктан кыргыз президенти австриялык ишкерлерди Кыргызстандын энергетика, туризм жана тоо-кен сыяктуу тармактарына мыйзамдуу жана ачык-айкын шартта инвестиция салып, эки тарапка тең пайдалуу долбоорлор менен иш алып барууну сунуштады. Бизнес-форумдун жүрүшүндө Атамбаев Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун алуу үчүн 26-мартта ачык аукцион өтө турганын мисал келтирип, жең ичинен чечим кабыл алууга жол бербей турган механизмдер иштелип чыкканын айтты:

- Бул лицензия аукциондо тендерге коюлууда. Ким акчаны көп берсе, ошол кенге ээ болот. Ошондо бул лицензияны эч ким, эч качан тартып алалбайт . Кыргызстанда биз иштөө жоболорун түп-тамыры менен өзгөрттүк. Европадагыдай ачык, эркин иштегибиз келет.

Австриялык экономикалык палатанын жетекчиси Рудольф Шенс өз кезегинде Кыргызстан аркылуу өткөн Улуу Жибек Жолу жанданып жатканын айтып, бул багытта инвестициялык кызыкчылык жараткан учурларга токтолду. Бирок инвестицияны коргоо жаатында мыйзамдар күчөтүлүп, бул багытта бир топ иш аракеттер жасалууга тийиш деди ал.(KJ;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG