Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Бүгүн Март ыңкылабына он жыл толду


Буга байланыштуу бүгүн Бишкекте Март ыңкылабына арналган илимий-практикалык конференция болот.“2005-жылкы март жана 2010-жылкы апрелдеги Элдик ыңкылаптар: себептери жана сабактары” деген аталыштагы жыйын мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтмөкчү. Ага Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, илимий кызматкерлер, ыңкылаптардын катышуучулары катышат.

Жыйында Кыргызстандагы түстүү ыңкылаптардын себептери, сабактары жана кесепеттери тууралуу талкуу болот, ошондой эле иш-чаранын алкагында окумуштуулар, саясат таануучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечеги тууралуу баяндама жасашат.

2005-жылы 24-мартта Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режими кулатылган. Анын ордуна бийликке келген президент Курманбек Бакиев беш жылдан кийин ушундай эле жол менен бийликтен куулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG