Линктер

бейшемби, 2-март, 2017 Бишкек убактысы 02:41

Март окуясын эскерүү Жалал-Абадда да болот


Март окуясын эскерүү шаардын борбордук “Эркиндик” аянтында болот. Иш-чарага Сузак, Базар-Коргон райондорунан ыңкылаптын катышуучулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жолдошбек Осмонов “Азаттыкка” билдирди. Мындан сырткары облустун ар бир район, шаарларында эскерүү митингдери өткөрүлөт.

2005-жылы 24-марттагы бийлик алмашуу Жалал-Абад облусунан башталган. 2005-жылы 4-мартта шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл облустук акимчиликтин имаратынан губернаторду күч менен кууп чыгып, анын ордуна Элдик губернатор шайлаган. Жалал-Абаддан тутанган учкун бара-бара башка аймактарга жайылып, 24-мартта Бишкектеги борбордук бийликтин алмашуусуна алып келген.(RsK/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG