Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Порошенко губернаторлорго менчик армия түзүүгө тыюу салды


П. Порошенко аскер кызматкерлери менен жолугушууда. Киев, 23-март, 2015-жыл
П. Порошенко аскер кызматкерлери менен жолугушууда. Киев, 23-март, 2015-жыл

Украин президенти Петро Порошенко губернаторлордун менчик аскер кармоосунан улам, өлкө башкаруучуларынын ортосунда чыңалуу күчөп жатканын айтты. “Аймактык коргоо башкы куралдуу күчтөргө баш иет, бир дагы губернатордун жеке куралдуу күчтөрү болбоого тийиш”,- деди президент 23-мартта аскер жетекчилери менен жолугушууда.

Президент бул тууралуу “Укрнафта” ишканасынын Киевдеги башкы кеңсесин куралдуу адамдар ээлеп алгандан эки күндөн кийин айтууда. 22-мартта депутат Сергей Лещенко бул куралчан адамдар Днепропетровск облусунун губернатору, эл ичинде миллиардер катары таанылган Ихор Коломойский менен байланышы бардыгын айтып чыккан. Дагы бир депутат Мустафа Найым куралчан адамдар өзүн “Укрнафтага” киргизбей, сабашканын билдирди.

XS
SM
MD
LG