24-март кургак учукка каршы эл аралык күнүнө карата бүгүн Кыргызстанда өткөрүлгөн бир айлык акцияны жыйынтыктоочу иш-чаралар болот. Анын алкагында борбор калаадагы №8, 11 жана 17-каттамдагы троллейбустарда күнү бою ыктыярчылар иштеп, жүргүнчүлөргө кургак учуктун алдын алуу, дарылануу тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле викторина ойнотулуп, утуштар берилет.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, Улуттук фтизиатр борборунун башчысы Абдулат Кадыров жана башка дарыгерлер бир айлык акция тууралуу журналисттерге маалымат беришет.
Кургак учукка каршы көрүлүп жаткан чараларга карабастан, Кыргызстанда жыл сайын 6 миң киши кургак учукка кабылат, булардын ичинен миңге чамалуусу кичине балдар. Дарыгерлердин айтымында, акыркы жылдары кургак учуктун оор түрү менен ооругандардын саны көбөйүүдө.(ZKo)