Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

Оторбаев: Кыргызстандагы ыңкылаптар терең анализге муктаж


Ак үйдүн короосуна кирип барган оппозиция тарапкерлери унааларды өрттөөдө, 24-март, 2005-жыл.

Ак үйдүн короосуна кирип барган оппозиция тарапкерлери унааларды өрттөөдө, 24-март, 2005-жыл.

Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Март ыңкылабынын он жылдыгына байланыштуу мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан илимий-практикалык конференцияда билдирди. Ал 24-март жана 7-апрелдеги көптөгөн фактылар аягына чейин изилденбегенин, тарыхчы, окумуштуулар терең баа бериши зарылдыгын айтты.

Жыйында сүйлөгөндөр Кыргызстанда болуп өткөн революциялар бийлик үчүн сабак болушу керектиги белгиледи.

Бүгүн “Ала-Арча” резиденциясында "2005-жылкы март жана 2010-жылкы апрелдеги элдик ыңкылаптар: себептери жана сабактары” деген аталыштагы жыйын өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, илимий кызматкерлер, ыңкылаптардын катышуучулары чакырылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG