Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Бишкек депутаттары "Вечерний Бишкек" менен соттошууга даяр


""Вечерний Бишкек" интернет-басылмасы Бишкек шаардык кеңешин каралаган макаласын расмий төгүндөбөсө сотко кайрылабыз" деп билдирди бүгүн "Азаттыкка" шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Алмаз Кененбаев.

Кененбаев интернетте жазылган иш-чарага шаардык кеңештин бир да депутаты катышпаганын айтууда.

Кечээ кечинде "Вечерний Бишкектин" сайтына "Шаардык кеңештин депутаттары Опера жана балет театрынын сахнасында банкет өткөрдү" деген аталыш менен макала чыгарып, сүрөттөрдү жарыялаган. Алгач анда иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов катышканы жазылып, кийин жөн гана депутаттар дегени калтырылып, Аманкуловдун фамилиясы алынып салынган.

Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, театрдын сахнасында тасмал жайылып, 20 чакты адам тойлоп отурат.

Алмаз Кененбаев бул иш-чараны ким уюштурса да айыптаарын, ыйык сахнада стол жайган туура эмес экенин билдирди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG