Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Театр сахнасындагы отурушка депутат Салымбеков катышкан болушу мүмкүн


Опера жана балет театрынын сахнасында уюштурулган отурушка Бишкек шаардык кеңешинен бир депутат - Жумабек Салымбеков катышкан болушу ыктымал. Бул тууралуу "Азаттыкка" кабарлаган "Вечерний Бишкек" интернет-басылмасынын башкы редактору Дина Маслова:

- Биз азыр ал макалабызды кайра оңдоп, депутаттар эмес, бир гана депутат болгону тууралуу жазганы жатабыз. Мен аны жакшы тааныйм. Колумдагы сүрөттөрдө да ошол депутат катышканы көрүнүп турат, - деди.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов:

- Мен анын өзү менен байланыша албай жатам. Бирок мага башкалар айтканына караганда, балким, чынында эле ал ошол иш-чарага катышкан болушу мүмкүн. Биз азыр бул маалыматты тактап жатабыз, - деп айтты.

Кечээ "Вечерний Бишкектин" сайтына Опера жана балет театрынын сахнасына чыгып алып тойлоп жаткандар тууралуу макала "Шаар депутаттары сахнада банкет уюштурду" деген аталыш менен чыккан. Бирок шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидери Алмаз Кененбаев "Азаттыкка" ал жерде бир да депутат болбогонун айткан.

Коомчулук бийик искусствонун символдорунун бири болгон сахнага дасторкон жайгандарды кескин айыптоодо.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, ал күнү мурдагы аткаминерлердин биринин уулу туулган күнүн ушинтип майрамдоону чечкен. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG