Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мамлекеттик селекциялык асыл тукум борборунун директору Баялин Байтемиров пара үчүн соттолуп, 500 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Өкүм өткөн аптада чыкканын бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Былтыр күзүндө Байтемиров эмгек акысына негизсиз 40 пайыз кошумча айлык алып жүргөнүн күч органдары аныктаган. Ал буга байланыштуу териштирүүнү токтотууга УКМК кызматкерине 50 миң сом пара бергени үчүн кармалган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG