Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Майлуу-Суу мэриясынын кызматкерлерине карата иш козголду


Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаар мэриясынын кызматкерлери балдардын музыкалык мектебинде иштегендердин акчасын "жеп койгон" деп айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдан 2014-жылга чейин мэриянын жетектөөчү кызматкерлери жалган документтердин негизинде 217 миң сомдон ашуун каражатты мыйзамсыз жаздырып алган. Бул музыкалык мектептин мугалимдеринин айлыгы болгон.

Кылмыш кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ишенип берилген мүлктү коромжу кылуу же ээлеп алуу деген беренелерине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө-иликтөө жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG