Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Осмонов: Театрдагы окуя үчүн күнөөлүүлөр жазаланат


Театрдын сахнасында отуруш уюштурууга уруксат бергендер катуу жазаланат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин бөлүм башчысы Болот Осмонов билдирди. Анын айтымында, учурда окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.

Кечээ "Вечерний Бишкектин" сайтына Опера жана балет театрынын сахнасында 20 чакты адам стол жайып майрамдап отурганы тууралуу макала сүрөттөрү менен чыккан. Алгач аны Бишкек шаардык кеңеши уюштурду деп маалымдалган. Бирок бүгүн макала кайра оңдолуп, уюштурууга шаар кеңештин тиешеси жоктугу, болгону бир депутат гана катышканы тууралуу жазылды.

Ал эми театрдын жетекчи орун басары Ишенбек Мамбетов сахнага чыгып сүрөткө түшүүнү сурангандарга уруксат берилгенин, алар кофе гана ичкенин айтууда. (ZA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG