Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Украина орус газынан баш тартышы мүмкүн


Украина 1-апрелден тарта Орусиядан газ сатып алууну токтотууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Владимир Демчишин Киевдеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Орусиядан газ сатып алууга муктаждык жок. Министр түшүндүргөндөй, өлкө учурда бир суткада 110 млн куб газ керектейт. Абанын жылышы менен ал көлөм 20-30 млн кубга төмөндөйт.

- Дал ушундай абалда кымбат баада газ сатып алуунун эч кандай зарылчылыгы жок, - деди Демчишин.

Былтыртан тарта мамилеси начарлаган Украина жана Орусиянын ортосунда көгүлтүр от маселеси улам-улам көтөрүлүп келет. Былтыр күзүндө орус бийликтери Украинага газ акысын төлөбөгөнү үчүн көгүлтүр от берүүнү токтоткон. Анда бул маселеге Евробиримдик киришип, Украина 3,1 миллиард доллар карызды эки бөлүп төлөгөн эле.

Украина учурда 1000 куб метр газды 329 доллардан сатып алат. Орусия 1-апрелден тарта 348 доллардан сатууну көздөөдө. Бирок украина бийликтери мындай баага макул болбой, 250 долларга түшүрүүнү суранган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG