Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Орусияда Сахаров борборуна чет өлкөлүк агент катары айып салынды


Орусиянын соту Сахаров борборуна чет элдик агент катары каттоодон өтпөгөнү үчүн 300 миң рубл айып салды. Борбор өкүлдөрү бул чечимге макул болбой, жогорку баскычтагы сотко кайрыларын билдирди. Борбордун директору Сергей Лукашевский сот чечимин “абсурд” деп атады. Анын айтымында, борбор чет өлкөлөрдөгү ар кыл долбоорлорго катышып каражат алат. Бирок саясий ишмердик үчүн колдонбойт.

Орусияда бейөкмөт уюмдарга байланыштуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Бул мыйзам чет өлкөдөн акча алган жана саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн бардык бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агент” катары каттоону талап кылат.

Буга чейин бир нече бейөкмөт уюмга сот ушундай "макам" берген.

XS
SM
MD
LG