Франциянын түштүгүндө Airbus A320 үлгүсүндөгү учак кырсыкка кабылды. Маалыматка ылайык, учакта экипаждын алты мүчөсү жана 142 жүргүнчү болгон. Germanwings компаниясына таандык учак Барселонадан Дюссеьдорфго бара жаткан.
Кырсык өлкө түштүгүндөгү Альпы тоолорунда болгон. Учурда кырсык себептери такталууда.
Жабыркагандар тууралуу так маалымат чыга элек.