Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Бишкекте расмий катталган 150 сауна бар


Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын адам сатууга каршы күрөшүү жана адеп-ахлак башкармалыгынын башчысы Саламат Адыловдун “Азаттыкка” айтымында, шаарда расмий катталып иштеп жаткан сауналардын саны 150гө жетет. Алардын 30% гана мончо катары иштесе, калгандары интим кызматынын ар кандай түрүн сунуштайт. Адыловдун айтымында, расмий эмес жана жабык иштеп жаткандардын саны мындан эки эсеге көп болушу ыктымал.

Тартип коргоо органдары шектүү жайлардын сойкукана экенин ашкерелөө кыйынга турарын белгилешет. Коомчулукта аларды калкалаган же иштеткен адамдардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, аткаминерлер, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү бар экени айтылып жүрөт.

Ушул жылдын башында милиция Жогорку Кеңеш депутаты Турсунтай Салимовго таандык деген оюн-зоок жайда жашыруун сойкукана иштеп келгенин аныктаган. Бирок депутат милициянын маалыматын четке каккан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG