Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Баш мыйзамды өзгөртүү бийлик демилгесиби?


Парламенттеги башкаруучу коалициянын лидерлери
Парламенттеги башкаруучу коалициянын лидерлери

Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоор даярдалганы маалым болду. Фракция лидерлери күзгү парламенттик шайлоо менен референдумду кошо өткөрүп, өзгөртүүлөрдү кабыл алууну сунуштоодо.

​Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү демилгеси ар тараптан көтөрүлүп келет. Алардын бир тобу азыркы Конституцияны бир аз гана оңдоп-түзөөнү жактаса, экинчи тобу орчундуу өзгөртүүлөрдү жактайт.

Орчундуу өзгөртүүнү көздөгөндөр азыркы бийлик системасы жоопкерсиздикти жаратып, кайрадан эле президент бийликти колуна топтоп алышына жол бергенин аташууда. Ошондуктан Кыргызстан таза парламенттик башкарууга же АКШнын үлгүсүндөгүдөй президент өкмөттү түздөн-түз башкарган бийлик системасын курушу керектигин айтышууда.

Жогорку Кеңеште даярдалган долбоордо Конституцияны бир аз оңдоп-түзөө каралган. Бирок сунушталган долбоор кабыл алынса, ал бардык бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктарын өзгөртүүгө алып келери байкалып турат.

Маселен, президенттин ыйгарым-укуктарына байланыштуу сунуштар кабыл алынса, анда мамлекет башчынын таасири күчөй турганы байкалат. Долбоорго ылайык, Жогорку Соттун төрагасы жана орун басарлары президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат. Азыркы Конституция боюнча Жогорку Соттун мүчөлөрү өздөрүнүн арасынан жетекчилерин шайлап алат.

Президент жетектеген Коргоо кеңешин кайрадан Коопсуздук кеңеши деп атоо сунушталган. Бул дагы президенттин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте турган жагдай.

Өкмөт башчыга байланыштуу да олуттуу өзгөрүүлөр бар. Жаңы долбоор боюнча премьер-министр депутаттык мандатын сактап калат. Ал өкмөт башчылык кезинде депутаттыгын токтотуп турат. Андан сырткары өкмөт башчы жергиликтүү мамлекеттик бийлик башчыларын кызматтан алуу укугуна ээ болот. Азыркы кезде өкмөт башчы аларды кызматтан бошотуу үчүн жергиликтүү кеңештин макулдугу керек.

Жаңы долбоордо фракцияларда тартипти жана партиялык үстөмдүктү орнотуу үчүн чара каралган. Бул үчүн партиянын сунушу менен депутатты фракциядан чыгарууга жол берилет. Фракциядан чыгарылган депутат мандатынан да ажырайт. Анткени Конституцияда депутат фракциядан чыгары менен депутаттык мандаттан ажырары жазылган.

Конституциялык палатанын ишин жөнгө салуу, чектөө жагы да каралган.

Азыркы Конституциянын атасы Өмүрбек Текебаев долбоор тууралуу маалымат берүүнү туура көргөн жок.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков долбоор талкууланып жатканын “Азаттыкка” тастыктады:

- Сөз болуп жатат. Эми редакциялык мүнөздөгү талкуулар жүрүүдө. Маселен, Коргоо кеңешин Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүү сунушталган. Мына ушундай үч-төрт сунуш бар. Алар талкууда. Аягына чыга элекпиз.

Оппозициялык саясатчылар башкаруучу коалиция жең ичинен Конституцияны өзгөртүүгө кам көрүүдө деп сынга алышууда. Алар ошондой эле Баш мыйзам орчун өзгөртүүгө муктаж экени эске алынбаганын белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов:

- Биз Германиядагыдай, Жапониядагыдай, Сингапурдагыдай толук парламенттик системага өтүүнү сунуштаганбыз. Президенттин ыйгарым укуктары жок болгон парламенттик система керек. Бирок биз аны бүгүн эле орнотолу дебейбиз. Биздин сунушта 2020-жылга чейин Конституцияга эч тийбейбиз. Ага чейин башка реформаларды жүргүзүү керек. 2020-жылдан кийин гана таза парламенттик системага өтүү биздин концепцияда каралган.

Өмүрбек Абдырахманов сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алуу демократияга терс таасирин тийгизерин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов долбоордо сот арачыларын, Конституциялык палатаны жоюу каралган деп сынга алды:

- Чоң жетишкендик катары кабыл алынган сот арачыларын жок кылып атышат. Конституциялык палата деп туруп, анын ишмердүүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталат деп коюптур. Аны сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруучу орган эмес, жөнөкөй эле бир органга айлантып жатышат.

Курманбек Осмонов долбоордо элдин бийлигин күчөткөн прогрессивдүү жагдайлар жок деп эсептейт.

Албетте, парламентте расмий эмес түрдө талкуулана баштаган бул долбоор боюнча талаш-тартыштар болбой койбойт. Чечим кабыл алына турган күзгө чейин долбоор кандай редакцияда келишин азырынча айтуу кыйын.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG