Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Жалал-Абадда Март ыңкылабынын 10 жылдыгы белгиленди


Бүгүн Жалал-Абад шаарында Март окуясынын 10 жылдыгына арналган иш-чарага Сузак жана Базар-Коргон райондорунан келген 300дөй киши катышты. Алар үчүн жергиликтүү бийлик театрлашкан программа тартуулады. Окуянын катышуучуларынын бири Гүлмира Сатарова "күн өткөн сайын бийлик ыңкылапка активдүү катышкан жарандарды көңүл сыртында калтырып, аларга татыктуу баа бербей жатат" деген оюн "Азаттыкка" билдирди.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева бардык район-шаарларда ыңкылаптын себептери жана сабактарын талкуулаган илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп, окуянын катышуучуларына сый көрсөтүлгөнүн билдирди.

2005-жылы 24-марттагы бийлик алмашуу Жалал-Абад облусунан башталган. 4-марттагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы эл масштабдуу акцияга чыгып, митинг-пикеттер башка аймактарга да жайылган. ( RsK)

XS
SM
MD
LG