Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:20

Жерүй үчүн сынак 26-мартта уланат


Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Бүгүн конкурстук комиссия Жерүй алтын кени боюнча сынакка катышкан үч компаниянын арызын карады. Чечим бардык документтер каралып, изилденип чыккан соң чыгарылмай болду.

Кенди иштетүү боюнча сынакка үч компания катышкан. Алар: орусиялык “Восток Геолдобыча”, “Алдан Золото” ишканалары жана “Кыргызалтын”. Булардан кимиси кийинки этапка өтөрү 26-мартта аныкталмай болду. Ал эми сынактын жеңүүчүсү дагы бир ай ичинде билиниши керек.

Жерүйдү иштетүү укугун алуу азыркы сынакта 100 миллион долларга бааланып жатат. Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Айрым жергиликтүү тургундар бул кенди иштетүүгө каршылык билдирип келишет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG