Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

Ооганстан: ур-токмоктон өлгөн аял боюнча акция уланууда


Куран китепти өрттөдү деп өлтүрүлгөн аялды жазалагандарды жоопко тартууну талап кылган жүздөгөн адамдын Кабулдагы нааразылык акциясы уланууда. Сүрмө топтун тепкисинен каза болгон аялдын сүрөтүн көтөргөн жүздөгөн адамдар өлкөнүн Жогорку Сотунун имаратына жүрүш жасады.

Диний мектептин 27 жаштагы студентин жаалданган топ 19-март күнү Кабулдагы чоң мечиттин сыртында тепкилеп өлтүргөн соң сөөгүн өрттөп, дарыяга ыргытып жиберген эле.

Полиция өлтүрүлгөн аялдын Куран китепти өрттөгөнү боюнча эч далил табылбаганын айтууда. Бийлик окуяга байланыштуу 28 адамдын кармалганын билдирди.

Президент Ашраф Гани кыянатчылыкты айыптоо менен тергөө жүргүзүүнү буюруган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG