Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

АКШ Ооганстандан аскерин шашпай чыгармак болду


Ооган президенти Ашраф Гани жана АКШ мамлекет башчысы Барак Обама. Вашингтон, 24-март. 2015-жыл
Ооган президенти Ашраф Гани жана АКШ мамлекет башчысы Барак Обама. Вашингтон, 24-март. 2015-жыл

Президент Обама бул тууралуу Ооганстан президенти Ашраф Гани менен жолугушуу учурунда билдирип, азыркы 9 миң 800 аскер жыл аягына чейин каларын айтты.

Мурдагы план боюнча жыл аягына чейин дагы төрт миң аскер Ооганстандан чыгып кетүүгө тийиш болчу. Обама 2016-жылы Ооганстанда калуучу америкалык аскерлердин саны азырынча белгисиз экенин айтты.

Ооган президенти Ашраф Гани башкаруучу Абдулла Абдулла менен АКШда расмий сапарда жүрүшөт. Алар эми АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугат.

XS
SM
MD
LG