Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Француз бийлиги кулаган учактын кара жащиги табылганын билдирүүдө


GermanWings компаниясынын A320 учагы кулаган Альпы тоолору. 24-март, 2015-жыл
GermanWings компаниясынын A320 учагы кулаган Альпы тоолору. 24-март, 2015-жыл

Франциянын ички иштер министри Бернар Казенев кара жащик немис бийлигине өткөрүлүп берерин айтты.

24-мартта Альпы тоолорунда кулаган немис учагында 144 жүргүнчү жана экипаждын алты кишиси болгон. Учак Испаниядан Германияга, тагыраак айтканда Барселонадан Дюссельдорфко бараткан. Кыйроодон бир да киши аман калбаганы кабарланууда. Француз премьер-министри кыйроо болгон жерге вертолет менен баргандар бир да тирүү калган кишини көрбөгөнүн айтты.

Француз президенти Франсуа Олланд кырсыкка кабылган учак калдыктары жүргүнчүлөрдүн эч бири аман калды деген ойго түртпөй турганын билдирген. Германияда кыйроодо мерт кеткендер боюнча аза күтүү болуп жатат.

Бул Европадагы акыркы жети жыл ичиндеги эң ири учак кырсыгы. 2008-жылы Испаниянын Мадрид шаарындагы кырсыктан 154 адам каза болгон эле.

XS
SM
MD
LG