Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Бишкек шаар кеңеши өкмөт башчыга жана спикерге кайрылуу жолдоду


Опера-балет театрындагы үлпөт коомчулуктун нааразылыгын жаратты
Опера-балет театрындагы үлпөт коомчулуктун нааразылыгын жаратты

Кайрылууда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында жосунсуз жорукка жол бергендерди жоопко тартуу суралган.

Шаар кеңеши опера-балет театрынын сахнасына дасторкон жайылып, жеке адамдын урматына шаан-шөкөт өткөрүлүшүн акылга сыйбас маданиятсыздык деп билдирип, бул кыргыз элинин маданий мурасын сыйлабагандыкка жатат деп белгилеген.

Кайрылуу ээлери өкмөт башчы менен төрагадан бул окуяга баа берүүнү жана опера-балет театрынын жетекчилеринин ишин карап чыгууну сураган.

Кечээ интернеттеги социалдык тармактарда Бишкектеги опера жана балет театрынын чоң сахнасына дасторкон жайылып, шапар тебилип жаткан учурда алынган сүрөттөр чыккан. Айрым маалыматтар боюнча ал жерде мурунку аткаминердин уулу туулган күнүн өткөргөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG