Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Бишкекте “Биз троллейбус менен” флеш-моб акциясы болот


Иш-чаранын негизги максаты - шаардагы коомдук траснпорт маселесин жакшыртуу, элдин көчөдө жүрүү маданиятын өнүктүрүүгө багытталган.

Бүгүнкү акция Бишкек шаар мэриясынын алдында башталып, андан кийин №11, 14-каттамдагы троллейбустарда уланат. Анда жүргүнчүлөр шаардагы эл ташуу көйгөйүн чечүү, коомдук унаалардын абалын жакшыртуу тууралуу сунуштарын мэрияга бере алышат. Акциянын уюштуруучулары сунуштап жаткан долбоордо борбор калаада троллейбус жана автобустарды көбөйтүү менен ички каттамдык унаалардын санын азайтуу, коомдук унаада тамеки тартуу, жол эрежесин бузуу жана эл ташып баратып телефон менен сүйлөшүү үчүн айдоочуну айыпка жыгуу, каттамдык кичи унааларга элди шыкап салууга тыюу салуу, электрондук билеттерди сатууну уюштуруу сыяктуу сунуштар камтылган.

Акцияны «Бир Эл Жаштар» жана «Самург» коомдук уюмдары уюштурууда.

Буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө шаардыктар коомдук унааларда элди ашыкча шыкап салууга, айдоочу тарабынан жол эрежелеринин көп бузуларына нааразылыгын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG