Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Бишкекте кыргыз-орус бизнес форуму өтүүдө


Бул күндөрү Кыргызстан менен Орусиянын Перм жана Алтай аймактарынын Соода-өнөр жай палаталары биргелешип Бишкекте кыргыз-орус бизнес форумун өткөрүүдө.

Форум Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында турганда эки өлкө ортосундагы ишкерлик мамилени өнүктүрүү, кызматташтыкты алдыга жылдыруу максатында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Талкууга Орусиядан курулуш, техникалык жабдуу, химия, металлургия өнөр жайы сыяктуу 15тен ашуун компаниянын жетекчилери, ишкерлер катышууда.

Буга чейин Бишкекте кыргыз-белорус, кыргыз-казак бизнес форумдары өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG