Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

УОК: Жалал-Абаддагы жыйын 11-апрелге калды


"Улуттук оппозициялык кыймыл" Жалал-Абадда 31-мартта өткөрө турган жыйынын 11-апрелге калтырды. Аталган кыймыл бүгүн тараткан кайрылууда мындай чечим Апрель ыӊкылабынын 5 жылдыгын тынч өткөрүп алуу максатында кабыл алынганы айтылат.

Оппозиция азыркы бийликтин коррупцияга каршы аракетин кескин сындап, “Кумтөр” маселеси, кримтөбөл Батукаевди өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткени, электрдин баасы өзгөргөнү үчүн айыптап келет.

Ал эми бийлик өкүлдөрү оппозициянын талаптарын негизсиз деп атоодо.​

Буга чейин УОК Жалал-Абаддагы иш-чара 31-мартка белгиленгенин кабарлаган.

7-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган Апрель окуясына 5 жыл болот. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG