Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Бишкекте инвестициялык өнөр жай форуму өтүүдө


Бүгүн Бишкекте эл аралык инвестициялык өнөр жай форуму өз ишин баштады. Ага Орусия, Беларус, Түркия, Италия, Германия, Казакстан, Түштүк Корея, жалпысынан 13 өлкөдөн 80ден ашуун компания катышууда. Форумда компаниялар өз иши, продукциясы тууралуу айтып берет.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү Мухаммед Садыровдун "Азаттыкка" айтымында, иш-чара семинар, мастер-класс, курулуш тармагындагы жаңы технологиялар менен жабдуулардын көргөзмөсү менен коштолот.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматы боюнча, форум Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында турганда ишкерлер ортосундагы мамилени өнүктүрүү, алардын кызматташтыгын алдыга жылдыруу максатында уюштурулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG