Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Конституциялык палата биометрика боюнча арызды карайт


Токтайым Үмөталиева
Токтайым Үмөталиева

Конституциялык палата “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамды жокко чыгаруу боюнча арызды 26-мартта карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” арыз ээси, жарандык активист, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди.

- Биометрика боюнча айрым чечимдер мыйзамсыз. Учурда мамлекеттин бул жаатта коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок. Дароо он манжанын изин алуу өтө опурталдуу. Бүт биометрикалык маалыматты бир жерге топтогон болбойт”, - деди Үмөталиева.

Биометрикалык каттоо жөнүндөгү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев былтыр 14-июлда кол койгон. Өлкө боюнча биометрикалык маалымат берүүгө милдеттүү 3 млн. 884 миң 270 киши бар болсо, ушул күнү алардын 2,5 миллиону тапшырды.

Бийликтин билдиришинче, биометрикалык маалымат чогултуу - мамлекеттин коопсуздугун коргоо жана жарандардын документалдык эсебин тактоо максатында киргизилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG