Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги жол кыймылы боюнча концепцияны тааныштыруу учурунда вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев билдирди. Анын белгилешинче, алдыңкы үч жылга эсептелген концепцияны ишке ашырууга 250 миллион доллар каражат керек болот. Бул убакыт аралыгында жалпысынан 26 жолду куруу жана ремонттоо пландалууда.

Оңдолуучу жолдордун катарында Лев Толстой, Достоевский, Сухэ-Батор, Гагарин, Сүйүнбаев, Айтматов атындагы жана башка көчөлөр бар. Бул жолдор Кытай бөлгөн 32 миллион доллардын эсебинен оңдолуп-түзөлөт.

Шаар тургундары көп көчөлөр оңдолбой жатып бузулганына нааразылыгын билдирип келишет. Мисалы Ала-Тоо конушундагы 1,7 чакырым жолду асфальттоого 69 миллион сом каралса, биринчи катмарына 33 миллион коротулган. Бирок биринчи катмары төшөлгөндөн аз өтпөй эле бузулган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG