Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Спорт ордосунун ичи жаңыланды


Эдил Касенов
Эдил Касенов

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы жаңыланып, пайдаланууга берилди. Имараттын ички жасалгасы үч ай ичинде өзгөртүлүп, Спорт сарайынын 40 жылдык мааракесине арналып ушул аптада пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Эдил Касенов билдирди.

Спорт сарайдын фойеси
Спорт сарайдын фойеси

2014-жылдын 5-ноябрында башталган жаңылоо иштерине 12 миллион сом каражат коротулду. Акчаны демөөрчүлөр бөлүп берди. Имараттын фойеси, кире бериши жана чатыры жаңыланды. Ошондой эле “Бугу эне” форматындагы атайын тосмолор орнотулуп, түрдүү иш-чараларга ылайыкталган жыйындар залы кошулду. Жасалга үчүн боз үй тибиндеги улуттук колорит тандалган.

Жаңылоо иштеринин жүрүшүндө имараттан 17 тонна таштанды алынып чыгарылды.

Жаңыртылган имараттын ачылыш аземине Каныбек Осмоналиев, Канатбек Бегалиев жана башка белгилүү спорт ишмерлери катышты. (SE)

XS
SM
MD
LG