Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

"Элдик курултай" уюму Конституцияны талкуулайт


Жергиликтүү жамааттардын элдик курултайы, Ош, 2014-жыл, 17-декабрь
Жергиликтүү жамааттардын элдик курултайы, Ош, 2014-жыл, 17-декабрь

“Элдик курултай” кыймылы уюштуруп жаткан жыйын 22-апрелге белгиленди. Бул тууралуу аталган уюмдун улуттук кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Дүйшеев кабарлады. Анда мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү талабы айтылып, Конституциянын жаңы долбоору сунушталат. Уюштуруучулар парламенттик башкаруу өзүн актаган жок деп, президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүүнү колдоп жатышат.

"Курултай жөнүндө" мыйзам долбоору 2012-жылы Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган бойдон турат. Анда жыл сайын өтүп туруучу республикалык курултай мамлекеттик органдардын жана мекеме кызматкерлеринин иши боюнча маалымат алуу укугуна ээ болоору, эл менен бийлик ортосундагы аралыкты кыскартуу максаты коюлган болчу.

“Элдик курултай” кыймылы ушул мыйзамдын кабыл алынбай жатышына нааразылыгын билдирүүдө.

Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын 2010-жылы жалпы элдик референдум аркылуу тандап алган. Бул Орусия сыяктуу айрым өлкөлөрдүн сын пикирин жараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG