Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Атамбаев кыргыз-француз бизнес форумуна катышууда


Алмазбек Атамбаев баштаган делегация кыргыз-француз бизнес форумуна катышууда, 25-март, 2015-жыл

Алмазбек Атамбаев баштаган делегация кыргыз-француз бизнес форумуна катышууда, 25-март, 2015-жыл

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Францияда кыргыз-француз бизнес форумуна катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Бүгүн Атамбаев француз президенти Франсуа Олланд менен да жолугат.

Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө сапары 23-мартта Австриядан башталган.

Франциядан кийин кыргыз делегациясы Швейцарияга барат. Ал жактан Алмазбек Атамбаев конфедерациянын президенти Симонетта Соммаруга жана тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

31-марттан 1-апрелге чейин өлкө башчысы Германияда болуп, президент Йоахим Гаук жана канцлер Ангела Меркелдин кабыл алуусунда болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG