Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Франциядагы авиакырсыктын себеби иликтенүүдө


Учак кыйраган жерге жакын Германиянын тик учактары келип конду
Учак кыйраган жерге жакын Германиянын тик учактары келип конду

Францияда кырсыкка учураган учактын кыйроо себептери иликтене баштады. Марсель шаардык прокуратурасы күбөлөрдү суракка алууга киришти.

Бүгүн учак кыйраган жерге германиялык эксперттер барды, алар өз корутундусун бир жумадан кийин чыгарат.

Франциянын ички иштер министри Бернар Казнёв шаршембиде учактын “кара кутусу” табылганын, бирок ал жарактан чыгып калганын айтты. Ошентсе да ичиндеги маалыматты алууга бардык аракет жасалып жатканын кошумчалады.

Германиялык Germanwings авиакомпаниясына караштуу А320 үлгүсүндөгү аэробус Барселонадан Дюссельдорфту көздөй бараткан. Учактагы 150 кишинин көбү Германиянын жарандары болгон. Арасында Австралия, Улуу Британия, Испания, Казакстан, Түркия жана Жапониянын да жарандары болгону маалымдалды.

Француз полициясы билдиргендей, каза тапкандардын сөөгүн шарты оор тоолуу райондон алып чыгууга бир нече күн кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG