Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Ооган президенти АКШ Конгрессинде сөз сүйлөйт


АКШ жана Ооганстан президенттери Барак Обама менен Ашраф Гани
АКШ жана Ооганстан президенттери Барак Обама менен Ашраф Гани

Ооганстандын президенти Ашраф Гани бүгүн 25-мартта АКШ Конгрессинин палаталарынын кошмо жыйынында сөз сүйлөйт.

Кечээ АКШ президенти Барак Обама Вашингтондо Ашраф Гани менен жолугушкан соң Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүү темпин жайлатарын айтты. Обама ушул жылдын аягына чейин ооган аймагында 9800 аскер каларын билдирди.

Башында АКШ Ооганстандагы аскерлерин 2015-жылдын соңуна чейин 5500гө чейин кыскартарын болжолдошкон.

Өкмөттүк күчтөр менен “Ал Каида” жана “Ислам мамлекети” экстремисттик күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар уланып жаткандыгына байланыштуу Гани АКШ бийлигине кайрылып аскерлерди шашпай чыгарып кетүүнү суранган.

Ооган лидери Ашраф Гани жана өкмөттүн башкы аткаруучусу Абдулла Абдулланын АКШдагы үч күндүк биринчи расмий сапары бүгүн аяктайт. Буга чейин алар өлкөнүн коргоо министри Эштон Картер жана мамлекеттик катчы Жон Керри менен жолугушту.

АКШнын жана эл аралык коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы аскерий миссиясы 2014-жылдын соңунда расмий аяктап, аскерлердин көбү чыгарылып кеткен.

XS
SM
MD
LG