Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

Оторбаев театрдагы окуяны териштирүүнү тапшырды


Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев маданият, туризм жана маалымат министри Алтынбек Максүтовду чакырып, Опера жана балет театрынын сахнасында болгон окуяны териштирүүнү талап кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат катчысы Гүлнура Төралиева билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчы сахнада тасмал жайып, майрам уюштурууну айыптады.

Учурда министрлик бул боюнча кызматтык иликтөө баштады. Жыйынтыгында күнөөлүүлөр административдик жоопка тартылат.

"Вечерний Бишкек" сайты "Шаардык кеңештин депутаттары Опера жана балет театрынын сахнасында банкет өткөрдү" деген аталыш менен макала чыгарып, сүрөттөрдү жарыялаган. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинен бир депутат - Жумабек Салымбеков катышкан.

Бул кабар социалдык тармактарда кызуу талкууланып, ыйык сахнада ичип-жеп, отуруш уюштуруу сындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG