Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Кабулда Фархунданы өлтүргөндөрдү жазалоо талап кылынууда


Фархунданы өлтүргөндөр жазаланышын талап кылгандар

Фархунданы өлтүргөндөр жазаланышын талап кылгандар

Ооганстандын баш калаасы Кабулда миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты.

Алар Куранды өрттөдү деп 27 жаштагы Фархунданы тепкилеп өлтүргөндөр жазаланышын талап кылууда. Уюштуруучулардын айтымында демонстрацияга үч миңден ашык адам чыкты. Алар колуна “Адилеттүлүк!”, “Канкорлор жазалансын!” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп алышкан. Марш Ооганстандын Жогорку Сотунун алдында аяктады.

Ички иштер министрлигинен маалым болгондой, Фархунда Куранды өрттөгөнү далилденген эмес.

19-мартта жаалданган топ, көбү эркектер, Фархунданы Куранды өрттөдү деп күнөөлөп, тепкилеп, андан соң тирүүлөй өрттөп, дарыяга ыргытып жиберишкен. Бул окуяга байланыштуу 28 адам кармалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG