Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Украина: өкмөт жыйынында министр жана анын орун басары кармалды


Өкмөт жыйынында Бочковскийди кармоо операциясы
Өкмөт жыйынында Бочковскийди кармоо операциясы

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Сергей Бочковскийди жана анын орун басары Василий Стоецкийди өкмөт жыйынынан күч органдарынын өкүлдөрү кармап кетти.

Аткаминерлерди кармоо операциясы украин телеканалдарынан түз ободо көрсөтүлдү.

Өлкөнүн ички иштер министри Арсен Аваков Бочковский жана анын орун басары оффшордук компанияларга байланыштуу коррупция иштерине шектелип кармалганын билдирди.

Премьер-министр Арсений Яценюк: “Өлкө согушту баштан кечирип, ар бир тыйынды санап жатканда, алар эл менен мамлекеттин акчасын уурдашууда” деп айтып, мындай нерсе мыйзам бузгандардын бардыгын күтүп турарын эскертти.

Сергей Бочковский Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматты 2014-жылдан бери жетектеп келет. Соңку он эки жыл ичинде ал Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ар кандай кызматтарды ээлеп келген.

Бул операциядан бир нече саат мурда президент Петро Порошенко Днепропетровск аймагынын губернатору Игорь Коломойскийди иштен алуу тууралуу буйрукка кол койгон.

XS
SM
MD
LG