Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Меркель, Олланд жана Рахой учак кыйраган жерге барышты


Франсуа Олланд, Ангела Меркель жана Мариано Рахой учак кырсыкка кабылган жерге барышты

Франсуа Олланд, Ангела Меркель жана Мариано Рахой учак кырсыкка кабылган жерге барышты

Франциянын, Германиянын жана Испаниянын лидерлери Франциянын Альпы тоолоруна, А320 үлгүсүндөгү аэробус кырсыкка учураган жерге барышты.

Франсуа Олланд, Ангела Меркель жана Мариано Рахой 25-март күнү тик учак менен лайнердин калдыктары жаткан жердин үстүнөн өтүп көрүштү.

Германиялык Germanwings авиакомпаниясына караштуу лайнер 24-мартта Барселонадан Дюссельдорфко баратып кырсыкка кабылган.

Аэробустун “кара кутусу” табылды. Француз бийликтери ал жабыркап калганын, ошентсе да болгон маалыматты алууга аракет жасашаарын билдирди.

Учактын ичиндеги 150 адамдын 72си Германиянын, 49у Испаниянын жарандары экени маалым болду. Алардын бири да тирүү калбаганы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG