Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Ашраф Гани АКШга ыраазычылык билдирди


Ашраф Гани АКШ Конгрессинде сүйлөө үчүн залга кирип баратат
Ашраф Гани АКШ Конгрессинде сүйлөө үчүн залга кирип баратат

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Америка Кошмо Штаттарына өлкө тарыхында, чет жердеги эң узак согушка катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

25-мартта АКШ Конгрессинин кошмо жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Гани буларга токтолду:

-Биз согушта набыт кеткен 2315 аскердин: мырзалардын жана аялдардын, ошондой эле өз өлкөсү жана биздин өлкө үчүн кызмат өтөп жатып жарадар болгон 20 миң адамдын алдында карызбыз.

Кечээ АКШ президенти Барак Обама Вашингтондо Ашраф Гани менен жолугушкан соң Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүү ыргагын жайлатарын айтты.

Обама ушул жылдын аягына чейин Ооганстанда 9800 аскер каларын ырастады.

Гани ошондой эле Вашингтонго Ооганстандын өнүгүүсү үчүн көрсөткөн жардамы үчүн да ыраазычылык билдирди.

Ооган лидери “Ислам мамлекети” тобу учурда Батыш жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн олуттуу коркунуч экенин, бул топтун мүчөлөрү алсызыраак аймактарды "сынап көрүү" үчүн Ооганстанга да багыт алганын белгиледи. (EZK/UE)

XS
SM
MD
LG